МАРКШЕЙДЕРИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(12 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРКШЕЙДЕРИЯ (немисче шагк - чек ара, эсйегйеп - бөлүп таануу) - техника, тоо-кен илимдеринин бир тармагы. Жер астындагы кен­дердин алган ордун, түзүлүшүн, турпатын, өл­чөмүн, тоо тектеринин деформацияланышын изилдейт. Иш маркшейдерлик аспаптар менен жүргүзүлөт. Кен чалгындоодо жер бетинин картасы түзүлөт. Таяныч торлор жүргүзүлүп, тоо казылмалары такталат. Чиймелер, сүрөттөр, аткарылуучу жумуштардын көлөмү, кен тулку­сунун өлчөмдөрү, кендин геол. запасы аныкта­латынча Тоо-кен иштеринин долбоору түзүлөт. Кен­дин чек аралары, казып алуу системалары, ку­рулуштар каралат. Тоо-кен иштеринин кален­дардык планы түзүлөт. Казындыда тектердин урашы, жылышуулары, коопсуздуктар такта­лат жана текшерилип турат.