МАРКО ПОЛО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (12 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРКО ПОЛО (15. 9. 1254, Венеция ш. - 8. 1. 1324, ошол эле жер) - венециялык саякатчы. О. кылымдарда Азия тууралуу геог. жана тарыхый маалыматтарды калтырган. 1260-69-жылы атасы Николло, агасы Маттео Пололор Крым, Бухара аркылуу Пекинге чейин барып кайткан. 1271-75-жылы М. П. атасы менен кайрадан Жер Ортолук деңиз, Палестина, Кичи Азия, Ирак, Иран, Памир тоосу жана Кашкар аркылуу Пекинге жеткен. Кытайда 17 жыл турган. Моңгол ханы Хубилайдын карамагында болуп, Хубилай ага мекенине кайтууга уруксат бербей, түрдүү иштерди тапшырган. 1295-жылы деңиз жолу менен Түштүк Азияны айланып өтүп, Жер Ортолук деңиз аркылуу элине кайтып келген. Кытайга жасаган саякаты тууралуу «Түркүн дүйнө жөнүндө китеп» аттуу эмгегин Рустичеллого жаздырган. М. П-нун эмгегинде Азия, Европа жана Африканын бир нече өлкөсүнүн географиялык абалы, тарыхы жана калкы ж. б. жөнүндө маалыматтар берилген. 14-15-к-да Европа элдеринин тилдерине которулуп, Азиянын картасын түзүүгө негиз болгон.
Ад.: Книга о разнообразии мира. Книга Марко Поло. М., 1997; Дреж.Ж.-П. Марко Поло и Шёлковый путь. М., 2006.