МАРГАЛАҢ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (12 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАРГАЛАҢ - 0. Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Өзбекстандын чыгыш бөлүгүндөгү Фергана облусунун курамында. Фергана өрөөнүнүн түштүк-чыгышында, Алай кырка тоосунун этегинде жайгашкан. Калкы 168,5 миң (2010). Жол тоому. Т. ж. түйүнү [Кокон - Маргалаң - Анжиян, Маргалаң - Фергана - Кызыл-Кыя (Кыргызстан)]. 1994-2004-жылкы археол. казуулардын негизинде шаар биздин заманга чейинки 4-3-к-да пайда болгон десек болот. Биздин заманга чейинки 2-1-к-да Улуу Жибек жолу өткөн. Алгач шаар катары 8-к-да араб хроникасында эскерилет. «М.» деген ат 10-к-дан белгилүү. Караханиддердин династиясы башкарып турган мезгилде Фергана өрөөнүндөгү башкы шаар, маанилүү соода жана көл өнөрчүлүк борбору болгон (10-к-дын аягы - 1212-жылы чен). Кийинчерээк «жибек шаары» деп даңталган. Шаар жөнүндө Бабур «Бабур-наме» деген чыгармасында кеңири баяндап жазган. 16-к-дын 2-жарымынан 1710-жылдан Бухара хандыгынын, 1710- 1876-жылы Кокон хандыгынын курамында. О. кылымга таандык Урдташ чебинин калдыгы сакталган. Архитектуралык эстеликтери: Кожо-Магиздин кумпалуу мавзолейи (18-к-дын 1-жарымы), Пир-Сиддик комплекси (18-к-дын ортосу), мечит-айван, минарет, Торон-Мазар мечити (19- к-дын аягы), Саид Акмат Кожо медресеси (19- к-дын аягы; учурда улуттук кол өнөрчүлүктүн борбору), мечиттер. Илимпоз, ислам дин укугун түптөөчүлөрдүн бири Бурхануддин Маргинанинин (ушул шаарда туулган) мемориал комплекси (2000), акын Увайсинин үй-музейи уюштурулган. Өзбек накта була ИИИ (1937-жылы негизделген), тарых музейи (1964,мурдагы Ю. Ахунбабаевдин мемориал музейи) бар. О. Азиядагы жибек жана андан буюм жасоонун ири борбору.
«Үос1£ог11к» фабрикасы (салттуу кол менен токуу сакталган), мурдагы жибек комбинатынын базасында бир нече ишкана (анын ичинде хан атлас), механикалык завод, тамак-аш, курулуш материалдар өндүрүшү, жибек комбинаты, «Атлас» фирмасы (улуттук колорит чагылдырылган накта жибек кездемелер өндүрүлөт) ж. б. ишканалар иштейт. Кол менен токуу өнөрүнүн, сайма саюунун, жыгачты жана карапаны кооздонун салттуу борбору. Фергана облусунун (1925-27, 1938-жылдан), Кокон округунун (1927-30), Өзбек ССРинин (1930-91), 1991-жылдан Өзбек Респ-нын курамында.