МАРАЛ КУЛАК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(12 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска

МАРАЛ КУЛАК (Үега1гит) - өсүмдүктөрдүн лилиялар тукумундагы көп жылдык чөп. Би­йикт. 2 лгге жетет. Жалбырагынын узундугу 25 слгге, туурасы 15 слгдей, кыры тегиз, сабакка кезекте­шип жайгашкан. Гүлдөрү майда, шыпыргыдай топ гүлгө чогулган. Желекчеси 6, түсү саргыч жашыл, узундугу 1-1,5 см, чөйчөкчөсү жок. Мөмөсү - кутуча. Түндүк жарым шарда 25тей, Кыр-нда 1 түрү Ысык-Көлдүн чыгышындагы тоо шалбааларын­да өсөт. М. комитетын тамырында уу алкалоид бол­гондуктан, малга зыяндуу. Тамырынын шире­си, майдаланып талкаланганы чымын-чиркей­ге, дене мителерине (бит, бүргө) уу.