МАОРИЛЕР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (12 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:36 учурдагы соңку нуска
МАОРИЛЕР - полинезиялык эл, Жаңы Зеландиянын жергиликтүү калкы. Саны 565,3 миң киши (2006). Маори жана англис тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - протестанттар (англикандар, пресвитериандар, баптисттер) жана католиктер. М-дин ата-теги 13-к-да Чыгыш Полинезия-
дан Жаңы Зеландия а-на келип, жергиликтүү эл менен аралашып кеткен. 19-к-дын 1-жарымында М-дин жерин Улуу Британия басып алган. 19-к-дын аягынан М. англис-жаңы зеландиялыктар менен ассимиляцияланып, алардын таасири менен европалык жашоо образын өздөштүргөн. Негизги кесиби - дыйканчылык, аңчылык, балык кармоочулук. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Учурда М-дин көпчүлүгү а. ч-да жана ө. ж-да иштешет. Интеллигенциясы калыптанган.
