МИХАЙЛЁНКО: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИХАЙЛЁНКО Евгений Ефимович — (15. 8. 1921, Каракол ш. - 18. 6. 1944, Украина, Львов обл., Сокаль ш.) - Советтер Союзунун Баатыры (1944). Чкалов

ш-ндагы аскердик авиация мектебин (1942) бүткөн. 1941-жылдан Советтик Армияда. 1942-жылы июлдан согушка катышкан. 92- гвардиялык штурмалоочу авиация полкунун эскадрильясынын (1-Украин фронтунун 2-аба армиясынын 5- штурмалоочу авиациялык корпусунун 4-гвардиялык штурмалоочу авиациялык дивизиясы) командири. Великие Луки, Белгород үчүн салгылаштарда, Белая Церковь, Винница, Тернополь, Станислав, Галич, Ходоровду бошотууда эрдик көрсөткөн. 108 согуштук учуш жасап, душмандын көптөгөн техникасын, аскерлерин, транспорт түйүндөрүн, ок-дары сакталган кампаларын талкалаган. Ленин, Кызыл Жылдыз, Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.