МИФУНЭ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИФУНЭ Тосиро (1. 4. 1920, Кытай, Шаньдун провинциясы, Циндао - 24. 12. 1997, Токиого жакын, Митака) - япон актёру, продюсер. 1946- жылдан «Тойо» кинокомпаниясында (Токио) иштеген. 1947-жылы өзүнүн устаты Кадзиро Яма­мотонун «Жаңы акмактар мезгили» фильмине тартылган. Алгачкы

ийгилиги - «Күмүш тоо­нун ары жагында» фильминдеги гангстер Эд­зимдин ролу. А. Куросава менен көп жылдык чыг­лык кызматташуусу 1948-жылы «Мас периште» фильминде (гангстер Мацукага) башталган. «Ра­сёмон» фильминдеги карак­чы Тадзёмаронун ролу М-ни өзгөчө ийкемдүү, күчтүү тем­пераменттүү каармандын жан дүйнөсүн терең ачып бере алган кино актёр ката­ры тааныткан. М-нин чыг­лыгынын туу чокусу - док­тор Нийденин ролу («Кызыл сакал», Венециядагы ЭКФ сыйл.). А. Куросаванын көптөгөн фильмдерине тартылган (Кикутие, «Жети самурай»; Кийити Накадзима, «Тирүүнүн жазгандары»; Дэнкити Акама-Рогожин, «Кем­пай» ж. б.). Романтикалык-баатырдык «кэнгэ­ки» жанрындагы каармандардын ролдорунда мыкты аткарган: Мусаси Миямото («Мусаси Миямото»), Сандзюро («Жан сакчы», Венеция­дагы ЭКФ сыйл.) ж. б. 1963-жылы Токиодо «МИипе РгойисНопз» компаниясын түзүп, анда «500000 мурас» фильмин койгон. Чет өлкөлөрдө ки­ного тартылган: Офицер («Тынч океандагы то­зок», АКШ), Жан сакчы («Кызыл күн», Улуу Британия). 1970-жылдарда өз студиясында «дзидпайгэки» стилиндеги телесериалдарга тар­тылган.

Ад.: Генс И. Т. Мифунэ. М., 1974.