МИОЗИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИОЗИТ (грекче mys - булчуң) - скелет бул­чуңцарынын сезгениши. Демейде бүт булчундар жабыркайт (полимиозит). М. көбүнчө коллаген ооруларында көп учурайт. Анда булчуңцар ооруп, тез чарчайт, кыймылы начарлайт, күчөп кетсе, булчуң склероз болуп (катууланып), тырышып калышы мүмкүн. Териге инфекция кирип, ириңдүү М. пайда болсо, дене ысып, чыйрыгат. Булчуңга мителердин (трихинелла, цистицерка) киришинен да М. пайда болот. Дарылоо себеби­не жараша жүргүзүлөт. Алдын алууда өтө чар­чоодон, үшүп калуудан сактануу керек.