МИҢ-БУЛАК БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИҢ-БУЛАК БАЙЫРКЫ КӨРҮСТӨНҮ - биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосу - б. 3. 1-миң жылдыгынын ортосуна таандык археол. эстелик. Нарын р-нунда, Он-Арча суусуна Оттук суусу куйган жерге жакын жайгашкан. Миң-Булак айлынан 3 км түндүк тарапта. Көрүстөндөрдүн 1-тобу суунун жайылмасында. 20-22 дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,5-0,7 м, диаметри 10-18 м. 2-тобу жайылманын үстүндөгү тектирде, түндүктөн түштүктү карай 2-3 катар болуп жайгашкан. Дөбө-мүрзөлөрдүн бийиктиги 0,20дан 0,7-1 м, диаметри 5тен 15-20 .мге чейин. Үстүлөрү таш менен корумдалган. Дөбө-коргондор ЗОдан ашат. 1940-жылы археологдор А. Н. Бернштам, А. К. Кибиров, 1981-жылы археолог К. И. Ташбаева изилдеген.