МИНОГАЛАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИНОГАЛАР (Ре/готухопПогтез)— омурткалуулардын оймок ооздуулар классынын түркүмү (айрым систематика боюнча классы). Дене Узундугу 15-100 см. Жон сүзгүчү 1 же 2. Эки жагында 7ден бакалоор тешиктери бар. Оозу диск сымал соргуч, тегереги тери чачылуу. Көзү жакшы өөрчүгөн. Кан айлануусу туюк, жүрөгү эки камералуу. Тузсуз сууда өтмө М. деңизде жашап, көбөйүү үчүн дарыяга өрдөйт, 200 миңге чейин икра (жумурка) тууп, андан кийин өлөт. Личинкалары Дарыяда 3-4 жыл жашайт. М-дын жалпы жашоо узактыгы 5-6 жыл. Алар ири балыктарга жабышып, алардын каны жана эти менен азыктанат. Эти желет. М-дын 1 тукуму, 7 уруусу 20дан ашык түрү Түндүк Муз океандын алабында жана Түндүк, Түштүк жарым шарлардын мелүүн сууларында таралган. КМШ өлкөлөрүндө 8 түрү, анын ичинде деңиз. миногасы жана дарыя миногасы Балтика, Каспий, Баренц, Ак деңиздердин алаптарында кездешет. Промыселдик мааниге ээ.