МИНИАТЮРА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИНИАТЮРА (фр. miniature - киноварь дегенден) - 1) сүрөт искусствосунун көлөмү чакан, өтө чебер иштелген чыгармасы. Көркөм сүрөт исквосунда текстти иллюстрациялоо жана кооздоо максатында кол менен жазылган китеп баракчаларындагы түстүү же бир түстөгү сүрөт. «М.» термини айрым адабий жана музыкалык чыгармаларда колдонулганы менен живопись жана графикада (айрыкча портрет) өзгөчө мүнөзгө ээ. М. негизинен китептерде автордун аты-жөнүн, китептин аталышын наамын ж. б. кооздоо үчүн колдонулган. Китептик М. байыртадан эле белгилүү, мисалы, Байыркы Египеттеги «Шейиттер китебинде», Гомердин «Илиадасында» (500-ж. ч., Амброзиан китепканасы, Милан). Байыркы Руста 14-к-дын аягына чейин аны пергаментке, көбүнчө жумуртка боёктору менен тартып келишкен. 18-к-да портреттик М. кеңири тараган. Россияда М. негизинен диний китептерди кооздоодо колдонулган (Остромир инжили, 1056-57, Санк-Петербургдагы М. Е. Салтыков-Шедрин атындагы калк китепканасы). М. тартуу Украинада («Пересопницаинжили», 1556-61), Арменияда («Эчмиадзин инжили», 989), Грузияда («Мцхета псалтыры», 10-кылым) да кеңири таралган. М-ны ар түрдүү материалдарды (май, эмаль, гуашь, акварель) колдонуу менен жыгачта, металлда, пил сөөгүндө, пергаментте, кагазда лупа аркылуу пунктир же майда штрих техникасы менен аткарышкан. М. искусствосунан портреттик М-ны айырмалай билүу керек. Портреттик М. - тамеки кутучаларынын, кол сааттардын, оймоктордун, медальондордун бетине түшүрүлгөн чакан форматтагы (1,5тен 20 смге чейин) живопистик портреттин түрү. Портреттик М. 19-к-дын орто ченинде дагеротипия менен фотографиянын таралышына байланыштуу жок болуп кеткен; 2) мазмуну жана композициясы чакан аңгеме, очерк, ошондой эле айрым бир сценалык чыгармалар да М. деп аталат.