МИЛОШ Чеслав: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЙЛО1П Чеслав [30. 6. 1911, Ковен губ., Шетейны чарбагы (азыркы Литва, Каунас уезди, Кедайн району, Шетеняй кыш.) - 14. 8. 2004, Полына, Краков] - поляк акыны, котормочу, эссеист. Вильнодогу Сигизмунд атындагы гимназияны, Стефан Батория атындагы университетти бүтүргөн (1934). 1951-жылдан эмиграцияда (Франция, АКШ). 1930-жылы «Үшүгөн мезгил жөнүндө поэма» деген биринчи ырлар жыйнагы жарыяланган. «Үч кыш» (1936), «Аманкалуу» (1945), «Экинчимейкиндик» (2002), «Орфей жана Эвридика» (2003) поэмаларынын, «Кулга айланган акыл-эс» (1953) эссе жыйнагынын, «Менин көчөлөрүмдөн баштап» (1985), «Мезгил менен саякат» (2004) ыр жыйнактарынын автору. У. Шекспир, У. Уитмен, Ш. Бодлер ж. б. сүрөткерлердин чыгармаларын поляк тилине которгон. Нобель сыйл. лауреаты (1980).