МЕЩЁРА ОЙДУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЩЁРА ОЙДУҢУ, М е щ ё р а - Чыгыш Евро­па түздүгүнүн борбордук бөлүгүндөгү аллювий-кум шилендилеринен турган түздүк (бийикт. 130 мге чейин). Түндүгүнөн Клязьма, түштүк-батышынан Москва, түштүгүнөн Ока, чыгышынан Судог-да д. менен чектешет. М-нын табиятынын эң негизги өзгөчөлүгү - анда полесье тибиндеги ландшафт­тын үстөмдүк кылышы. Саз жана көл көп. Ара­лаш токой, кумдак жерлеринде мырза карагай­луу токой, дарыя өрөөндөрүндө шалбаа өсүмдүктөрү өсөт.