МЕТРИКАЛЫК ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТРИКАЛЫК ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ - ыр сабындагы кыска жана узун муундардын бирдей санда ырааттуу кайталанышына негизделген ыр түзүлүшү. Негизги муунак же муун топтору: ямб, хорей, трибрахий, спондей, дактиль. Бул ыр түзүлүшү эзелки (антикалык) доордо поэзия менен музыка али толук ажырымдала элек мезгилде пайда болуп, көбүнчө узун жана кыска муундар маани ажыратүучу касиетке ээ болгон тилдерде (мисалы, араб тили ж. б.) тараган. М. ы. т-нө антикалык ыр түзүлүшү жана Чыгыш элдериндеги аруз ыр системасы кирет.