МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР - метеорол. элементтерди ченөөчү жана каттоочу приборлор. Булар ар кандай климаттык шартта колдонууга ылайыкташкан. Аба менен кыртыштын температурасын ченөө үчүн түрдүү метеорол. термометрлер, термографтар колдонулат. Абанын нымдуулугу психрометр, гигрометр, гигрограф менен өлчөнөт. Атм-нын басымы барометр, анероид, барограф гипсометр менен ченелет. Шамалдын ылдамдыгы, багыты анемометр, анемограф, анеморумбометр, анеморумбограф, флюгер менен аныкталат. Жаан-чачында атайын жаанчачын өлчөгуч, плювиограф колдонулат. Күн радиациясы, жер бети менен атм-нын чагылдырылышы пиргелиометр, актинометр, пиранометр, пиранограф, альбедограф, балансометр, гелиограф менен өлчөнөт. Кардын суу запасы кар өлчөгүч, шүүдүрүм - росограф, көрүнүмдүүлүк нефелометр менен аныкталат.