МЕНДЕЛЬ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕНДЕЛЬ Грегор Иоганн [22. 7. 1822,
АвстрияВенгрия, Хейнцендроф (азыркы Чехия, Гинчище) - 6. 1. 1884, Австрия-Венгрия, Брюн (азыркы Чехия), Брно] - австралиялык табият таануучу, тукум куугучтук жөнүндөгү окуунун - менделизмдин негиз салуучусу. 1843-жылы Ольмюц университетинин философия классын бүтүргөн. 1849-жылдан орто мектепке табият таануу жана физикадан сабак бергенетикалык 1851-53-ж. Венаун-тиңце окуп, физика, ботаника, палеонтология жана анализ химиясын үйрөнгөн. 1856-63-ж. буурчактын 22 сортун аргындаштыруу боюнча кеңири тажрыйба жүргүзгөн. 1865-жылы ал

тажрыйбанын жыйынтыгы боюнча Брнодогу табият таануучулар коомунда баяндама жасаган. Мында ал тукум куугучтуктун факторлорунун эркин ажыроо жана айкалышуу закон ченемин 1-жолу негиздеген. Бул закон ченем тукум куугуч жөнүндөгү окуунун негизин түзүп, Мендель закондору деп аталган. Бирок М-дин бул эмгеги өзү тирүү кезинде кабыл алынбай, көмүскөдө калган. 1900-жылы гана жалпыга таанылып, бааланган.