МЕДЕТОВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕДЕТОВ Сейдалы (17. 5. 1928, азыркы Нарын обл., Жумгал району, Түгөл-Сай айылы - 1958,

Фрунзе) - композитор, комузчу. Атайдын шакирти. 12 жашынан Нарын элдик театрында
Кыргыз филармониясында комузчу болгон. 1944-49-ж. Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын виолончель жана дирижёрлук класстарында окуган. 1949-жылы Москвадагы Чайковский атындагы консерваториянын улуттук студиясында композиция классын бүтүргөн. 1958-жылы аба кырсыгынан мезгилсиз дүйнөдөн
кайткан. 1950-58-ж. «Майрамдык увертюра», фортепьяно үчүн «Скерцо», эл аспаптар оркестри үчүн «Пахтачы кыздын бийи» аттуу симфониялык оркестр үчүн сюитаны, «Бактылуу Кыргызстан», «Токтогулдун арманы», «Кең Ала-Тоо» хорлорун, «Какшаалдан кат» ж. б. ырларды, «Алар Тянь-Шанда төрөлгөн» даректүү фильминин музыкасын ж. б. чыгармаларды жазган. Ысмы Түгөл-Сай орто мектебине ыйгарылган.