МЕДАЛЬ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕДАЛЬ (латынча metallum - металл) - мамлекеттик же коомдук мүнөздөгү кандайдыр бир тарыхый саясий окуянын же көрүнүктүү ишмердин урматына арналып, ошондой эле эмгектеги каармандыгы, илим, техникалык, искусство тармагында сиңирген эмгеги ж. б. үчүн сыйлык катары берилчү өзгөчө белги. М. негизинен төшкө тагылат. Столго коюлуучу, дубалга илинүүчү (мемориалдык) М-дар да болот. М-дын бетинде (аверс) рельефтик сүрөт, ал эми арткы бетинде (реверс) жазуу түшүрүлөт. М. алтын, коло, мрамор ж. б. материалдардан жасалат. Көбүнчө тегерек, сүйрү же көп бурчтуу формада болот. Тик бурчтуу же ага жакын формадагы М. плакатка деп аталат. Көркөм эстелик белги катары М. 14-15-к-да Италияда пайда болгон, сыйлык М-ы 17-к-да Швецияда киргизилген. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон соң, алгачкы орден-медалдары 1996-жылы чыгарылган.
Ад.: Володин А. Н. Медали СССР. СПб., 1997; Шишков С. С. Награды СССР (1918-1991). М., 2005. Т. 2: Медали СССР.