МАТЕРИАЛДЫК СТИМУЛ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАТЕРИАЛДЫК СТЙМУЛ - адамдарды эмгек­ке кызыктыруу, алардын эмгекке болгон ак­тивдүүлүгүн жогорулатуу үчүн иштеген ишинин натыйжасына жараша материалдык кызыкчы­лыктарын көтөрүү максатында колдонулуучу система. Мамлекет эмгектин санына жана сапа­тына жараша эмгек акы белгилейт, бул кошум­ча төлөөлөр менен толукталат. Кызыктыруучу фонддун көлөмү ишкананын натыйжалуу иш­тешине байланыштуу болот. Ал ишкана кан­чалык жакшы иштесе, өзүнүн кызматкерлери­не кызыктыруучу төлөөлөрдү берүү үчүн акча ка­ражаты ошончолук көп болот.