МИФ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИФ (грекче mythos - уламыш, баян) - адам коомунун көбүнчө эрте баскычында жаралган элдик оозеки чыгармачылыктын фантазиялуу туундулары. Аларда байыркы заманда жашаган адамдардын турмуш-тиричилик, айлана-чөйрө жөнүндөгү баёо түшүнүктөрү, өздөрүнө түшүнүксүз көрүнүштөрдүн сырын ачууга кылган саамалык аракети чагылдырылат. М. чыгармачылыгында фетишизм, анимизм, тотемизм, магия сыяктуу абалкы диний түшүнүктөрдүн мааниси чоң. М-тер ар кандай темада чыгарылган. Алардын кээ биринде Ааламдын, кишинин, айбанаттын, өсүмдүктүн, стихиялуу табият көрүнүштөрүнүн сырын ачууга аракет жасалат. Мисалы, байыркы славяндардын чагылган жана добул кудайы Перун, индилердин от кудайы Агни, дүйнөлүк топон суу жөнүндөгү библиялык М. ж. б. Кээ бири адам баласынын чарбалык ишине, ойлоп тапкычтык жөндөмүнө, ачылыштар жасаганына байланыштуу чыккан: байыркы гректердин түшүм кудайы Дионис, чебер курулушчу жана художник Дедал, египеттиктердин жазма-чиймени ойлоп тапкан
Тото жөнүндөгү М-и ж. б. Тапчыл коомдун пайда болушу менен жаңы М-тер жаралган жана эскилери үстөмдүк кылчу таптын мүдөөсүн көздөөгө ылайыкташтырылган (мисалы, Христос жөнүндөгү М.). Жогоркудай М-тердин кыйласы кыргыз фольклорунда да бар. Кыргыз М-терин негизинен үч чоң топко бөлүп караса болот. Б и р и нч и т о п к о дүйнөнүн жаралышы жөнүндөгү жана анын ар кандай кубулуштары тууралуу М-тер; экинчи топко жалпы эле жан-жаныбардын пайда болушу туурасындагы М-тер; Ү ч ү нч ү т о п к о жандуу-жансыз дүйнөнүн колдоочулары (ээлери) жөнүндөгү М-тер. Биринчиге Үч Аркар, Жетиген жылдыздарынын пайда болушу жөнүндөгү «Үркөрдүн кызы Үлпүлдөк сулуу», «Жети каракчы», «Ак сары ат, көк сары ат», «Тоодой мерген менен Үч Аркар» сыяктуу М-тер мисал. Ал М-тердин мазмуну асманга Жерден адам, жан-жаныбарлардын качып барып, жылдызга айланып кеткендиктери жөнүндө. Экинчи топко аюу, түлкү ж. б. айбанаттар жөнүндөгү М-тер кирет. Мисалы, аюу жөнүндөгү М-те аюу башында күчтүү адам болсо да аюуга, түлкү сулуу, бирок ашкере куу, кербез аял болгон үчүн түлкүгө айланып кеткен деп түшүндүрүлөт. Бул топко, ошондой эле «Күкүк менен Зейнеп» жөнүндөгү уламыш да мисал боло алат (к. Кукук менен Зейнеп). Үчүнчү топтогу М-тер боюнча тоо-таш, токой, ар кандай айбанаттын, малдын, кесиптин ар биринин өзөзүнчө ээси бар. Мисалы, койдун ээси - Чолпон ата, уйдуку - Заңги баба, жылкыныкы - Камбар ата, төөнүкү - Ойсул ата, эчкиники - Чычаң ата; кесиптерден: устаныкы - Дөөтү, дыйкандыкы - Баба дыйкан ж. б. М-тер өз алдынча да, фольклордук башка чыгармаларга аралаш айтыла берет. —
Ад.: Мифы народов мира. Энциклопедия. 2-е изд. М., 1987-1988. Т. 1-2; Голан А. Миф и символ. М., 1994; Мелетинский Е. М. Поэтика мифа. 4-е изд. М., 2006; Элиаде М. Аспекты мифа. 4-е изд. М., 2010.