МИТЕЛЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИТЕЛЕР - башка организмдердин (ээсинин) эсебинен азыктануучу жана көпчүлүк учурда алар­га зыян келтирүүчү организмдер. М. өсүмдүк менен жаныбарлардын түрдүү систематикалык то­буна таандык. Алар зоомителер (жөнөкөйлөр, гельминттер, жөргөмүш сымалдар, курт-кумурс­калар), фитомителер [бактериялар, козу карын­дар (грибоктор), айрым татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр] жана вирустар болуп бөлүнөт. М-дин ээси бактериялар, өсүмдүк жана жаныбарлар бо­лушу мүмкүн. М. ээсинин каны, лимфасы, ткан­дары жана сиңүүгө даяр тамак-ашы менен азыкта­нып, организмди арыктатат жана катуу ооруга чалдыктырат, кээде оорутпайт. Мындай учурда ээси мите алып жүрүүчү, оору таратуучу болуп калат. М. убактылуу (ээсине азыктануу үчүн гана келет, мисалы, безгек чиркейи) жана туруктуу (жашоосун, азыктануусун, жашоо тиричилигин ээсинде өткөрөт) болуп бөлүнөт. Ошондой эле алар эк­зомителер жана эндомителерге дагы бөлүнүшөт. Экзомителер ээсинин дене сыртында жашайт. Ага бит, чиркей, кенелер кирет. Алар кан, лимфа суюктугу менен азыктанат. Э н д о­м и т е л е р организмдин ички көңдөйүндө, ткандарында, клеткаларында жашап, аны жа­быркатат. Мисалы, териде котур кенеси, ичегиде малдын тасма курту, аскарида, чүчөк курту, жазы тасма курт, ич өткөк амёбасы, лямблия ж. б., булчуң ткандарында (трихинелла, бодо малдын, чочконун тасма куртунун финкасы), кан клеткаларында безгек митеси ж. б. жашайт. Кээ бир М-дин өөрчүү цикли өтө татаал болуп,

бир эле эмес, бир нече ээсинде өтөт. Өөрчүүнүн бир стадиясы (мисалы, личинкалык) бир организм­де, ал эми экинчи стадиясы башка организмде жүрөт. Ушуга байланыштуу ээси негизги жана аралык болуп бөлүнөт. Негизги ээсинин организ­минде жыныстык жактан жетилген жана жы­ныс жолу менен көбөйүүчү, ал эми аралык ээсин­де личинкалык формасы жашайт. Айрым М. өөрчүү циклинде 2-3 ээсин алмаштырат. Мисалы, безгек митесинин өөрчүүсү адамдын организмин­де жана безгек чиркейинде, жазы тасма курту­нун өөрчүүсү - циклопто, балыкта жана сүт эмүүчүлөрдө өтөт. Козу карындар менен өсүм­дүктөрдүн арасында да көп мителер белгилүү. Айрым мите өсүмдүктөрдүн хлорофилли болуп, фотосинтез процесси менен органикалык заттарды синтез­дейт; кээ бирлери ээсинин эсебинен гана азык­танат. М-дин түрдүү өзгөчөлүктөрүн изилдөө адам, жаныбар жана өсүмдүктөрдүн оорусун коз­гогуч мителерге каршы күрөшүүдө мааниси чоң.