МИОКАРДИТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИОКАРДИТ (мио... жана грекче kardia - жүрөк) - жүрөк булчуңунун - миокарддын сезгениши. Оорунун пайда болушуна жугуштуу оорулар (кептөөр, скарлатина, баш келте, ич келте, ангина ж. б.), ошондой эле кызыл жүгүрүк, кызыл вол­чанка, склеродермия ж. б. себеп болот. Ревмо­тизмден болгон М. (ревмокардит) көп учурда эндокардит менен коштолот. Кээде белгилүү бир микробдорго, ошондой эле айрым дарыларга өтө сез­гич келип, аллергиялык М. болушу мүмкүн. Ти­реотоксикоздо, уремияда, күйүктө, ууланганда (газ, хлороформ ж. б. менен) да кездешет. М-тин катуу кармаган жана өнөкөт түрлөрү бар. Катуу кармаган учурда оорулуунун алы кетет, бат чар­чайт, демигет, жүрөгү тез согуп ооруйт, жүрөктүн көлөмү чоңоёт, кагуу ыргагы бузулат. Өнөкөт М. чанда туберкулёз, котон жара жана кызыл жүгүрүктө байкалат. Дарылоо ооруканада аны пайда кылган ооруларга карата жүргүзүлөт, төшөккө жаткырып, диета, стероид гормондо­ру, жүрөк-кан тамыр ишин жакшыртуучу да­рылар колдонулат.