МИНИСТРЛИКТЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИНИСТРЛИКТЕР - мамлекеттик башкаруунун борбордук органдары. М. КРдин мыйзамдарынын, КР ЖКнын токтомдорунун, КР Президентинин актыларынын, КР Өкмөтүнүн токтомдорунун жана буйруктарынын негизинде жана аларды аткаруу иретинде иш алпарат. М-ге - министрлер башчылык кылат жана министрликтерге жүктөлгөн иш-милдеттердин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат. КР М-и өз компетенциясынын чегинде нормативдик актыларды чыгарууга жана алардын аткарылышын текшерүүгө укуктуу, КР Өкмөтүнүн курамы - толугу менен КР ЖК министрлери тарабынан аныкталып бекитилет. КР министрлери КР Өкмөтүнүн жана анын Президиумунун отурумунда каралуучу маселелерден, о. э. белгиленген тартипте КР башка М-и, мамлекеттик комитеттери жана мамлекеттик башкаруунун башка органдары менен макулдашууну талап кылган маселелерден тышкары өздөрүнө тапшырылган иш чөйрөсүнө тиешелүү мамлекеттик башкаруу маселелери боюнча өз алдынча чечим кабыл алат.