МИКСЕДЕМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИКСЕДЕМА (грекче myxa - былжыр жана oidema - шишик), гипотиреоз - калкан сымал бездин функциясынын начарлашынан же толук токтошунан болуучу оору. Анын тубаса жана кийин цайда болгон түрү бар. М. түйүлдүк мез­гилинде баланын өөрчүшү бузулганда же ага инфекция киргенде, чанда калкан сымал без сезгенгенде, ошондой эле гипофиз жабыркаганда да бо­лушу мүмкүн. М-да тери жана тери алдындагы клетчаткада былжырлуу шишик пайда болот, тери кургап, чач түшөт, киши тез чарчап, уйку басат, дене температурасы, кан басымы, зат алма­шуу төмөндөйт. Балдардын бою өспөй, тиши кеч чыгат, психикасы өзгөрөт. Калкан сымал без кичирейип, аялда этек кир цикли бузулат, боюнан түшүүсу мүмкүн, эркекте импотенция болот. Дарылоону врач жүргүзөт. Калкан

сы­мал бездин дары-дармектерин дайыма врачтын көзөмөлүндө кабыл алуу керек.