МИКРОСПОРИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИКРОСПОРЙЯ (М1сгоерог ВО818), ч а к ал а й - үй жана жапайы жаныбарлардын мите козу карындар козгоочу жугуштуу ылаңы. Адамга да жугат. Мында малдын териси сезгенет, жүнү түшөт жана тырмагы жабыркайт. М-ны мите козу карындар козгойт. М. менен ит, мышык, аңдар, кой, маймыл, чочко, деңиз доңуздары, жылкы, музоо, келемиш ж. б. ылаңдайт. Ылаңдаткыч чөйрө таасирине туруктуу, жүндө 2-5 жыл, топуракта 2 айга чейин сакталат. Ал формалиндин 1-3% түү эритмесинде 15 лшнда, щёлочтун 5-8% түү эритмесинде 20-30 лшнда жугушсузданат. Ыландын букма (инкубациялык) мезгили 22-47 күнгө, ал эми ылаң 3-9 жумадан 7-9 айга чейин созулат. Эпизоотол. маалыматтардын, клиникалык белгилердин, люминесценттик ыкманын негизинде диагноз коюлат. М-ны чакалайдан (трихофития), котурдан, А-авитаминозунан айырмалоонун мааниси чоң. Дарылоодо 10%түү салицил майы, 10%түү салицил спирти, 10%түү иод тундурмасы, сульфон, күкүрт ангидриди, «Ям» шыбалмасы ж. б. колдонулат. Алдын алууда вакцина пайдаланылат жана жолбун ит, мышыктарды жоготуп, ылаң чыккан короо, сарайлар формальдегиддин шакардуу эритмеси менен дезинфекцияланат (ченеми 1 л/мг), ичи жаңы өчүрүлгөн акиташтын 10- 20%түү эритмеси менен акталат.
М. кишиде да жолугат. Көбүнчө балдар ооруйт. М. оорулуу адам же жаныбар менен жолукканда же соо адам оорулуунун буюмдарын (баш кийим, тарак, сүлгү, сакал алгыч ж. б.) колдонгондо жугат. Мите жуккандан 10-15 күн өткөндөн кийин териде (көбүнчө башта) какачтанган тактар пайда болуп, тери бир аз калыңдайт. Бүткөн бойдун, кол, буттун териси да ооруга чалдыгат. Дарылоодо антибиотиктер жана курамында йод, күкүрт бар дары-дармектер колдонулат.
Д. Раимбеков.