МИКРОНЕЗИЯ (мамлекет): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИКРОНЕЗИЯ, Микронезия Федера­ция Штаттары­Океаниядагы майда аралдар тобунда (607 аралда) жайгашкан мам­лекет. Аянты 702 км2. Калкы 107,4 миң (2009); Администрациялык-аймактык жактан 4 штатка бөлүнөт. Калкы полинезиялыктар менен микронезиялыктардын 9 этностук тобунан турат. Орт. жыштыгы 1 км2 жерге 154 киши. Борбору - Паликир ш. (калкы 11 миң; Понпеи а-нда). Расмий тили - англис тили. Акча бирдиги - АКШ доллары.

Мамлекеттик түзүлүпгү. М. - республика. Баш­каруу формасы - президенттик респ. Мамлекет жана өкмөт башчысы - президент. Мыйзам чы­гаруу бийлигинин жогорку органы - федерал­дык бир палаталуу парламент (Улуттук кон­гресс). М-да саясий партия жок.

Эң бийик жери Нана-Лауд чокусу (Помпен а-нда; бийиктиги 798 м), эң төмөн жери 0 м (Тынч океандын жээги). Жээк сызыгынын Узундугу 6112 км. Климаты экватордук жана субэкватордук.

Жыл­дык жаан-чачыны 2250 жмден 3000-4500 ммте (Кусанс а-ндагы тоолордо 6000 мм) чейин. Тай­фундардын пайда болуу облусу. Жылына орто эсеп менен 25тейи өтөт. Дайыма жашыл тропик токою, бадал өсөт. Кокос пальмасынын план­тациялары бар.

Микронезиялыктардын тукумдары Каролина а-на мындан 4 миң жыл мурда отурукташкан. Архипелагда байыркы цивилизациянын болгон­дугун айгинелеген таштан курулган ири куру­луштардын калдыктары (бардык аралда) кез­дешет. Каролина а. европалык деңиз сузүучүлөр та­рабынан 16-17-к-да ачылган. 1526-жылы ди Мене­зиги Яп а-н ачса, 1528-жылы Альваро Сааведра ал­гачкылардан болуп Трук а-н көргөн. 1685-жылы капитан Франсиско Лазеано кайрадан Яп а-н көрүп, Каролина (Испаниянын королу Карл II ысмынан) атаган. Кийинчерээк бардык архипе­лаг ушундайча аталып, Испаниянын ээлиги деп жарыяланган. 18-к-дын аягынан архипелагга Россиянын, Франциянын жана Британиянын, 19- к-дан Америка менен Германиянын соода жана или­мий кемелери келе баштаган. 1898-жылы Испания

Колонна шаарындагы католик чиркөөсү (Понпеи ара­лында).

Каролина менен Мариана а-н Германияга өткөрүп берген. 1914-жылы күзүндө Япония басып алган. Бирок Япония Улуттук Лиганын мандатын - Микронезияны расмий түрдө башкаруу укугун 1921-жылы алган. 1945-жылы АКШнын көзөмөлүнө өткөн. 1947-жылдан АКШнын башкаруусунда­гы БУУнун Тынч океандагы траст (ишеним) ай­магынын бир бөлүгү болгон. 1978-жылы «АКШ ай­магынан эркин ассоциацияланган» статусуна ээ болгон. 1991-жылдын 17-сентябрынан көз ка­ранды эместикке ээ. Улуттук дүң кирешеси 277 миллион долларды (АКШ) түзөт. Аядагы а. ч-нын үлүшү 50% , ө. ж-ныкы 4% , тейлөө чөйрөсү­нүкү 46%.

Ад.: Микронезия//Всё о странах мира, атлас спра­вочник, Санкт-Петербург, 2006. О. Топбаев.