МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК РАКЕТА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК РАКЕТА - атм-нын жогорку (50 кжден жогору) катмарынын түзүлүнгүн (басым, температура, тыгыздык, курам ж. б.), шамалдын багытын, күчүн, ылдамдыгын изилдөөчү аспаптар (приборлор) менен жабдылган учуучу аппарат. Массасы 300-400 кг, 100-150 км бийик көтөрүлө алат. Ар кандай географиялык аймактан (Арктика, Антарктика ж. б.), пункттан (кургактык, деңиз ж. б.) учурат. Атм-нын температурасы каршылык термометри же эки монометр менен ченелет. Атм-нын курамын спектрометр менен аныктайт. Топтолгон маалыматтар радио сигнал аркылуу телеметрия станциясына жөнөтүлөт. Шамалдын багытын, күчүн, ылдамдыгын аныктоодо М. р-нын аспап орнотулган бөлүгу парашют менен жерге түшүрүлөт.