МЕТАМОРФОЗ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТАМОРФОЗ (грекче те1ат6грИб815 - айлануу) - 1)жаныбарларда - организмдин түзүлүшүнүн личинкадан жетилген особго айла­нуу процессиндеги терен өзгөрүүлөр. М. жаны­барлардын жеке өөрчүсүндө - онтогенезде жа­шоо шарты менен жашоо мүнөзүнүн кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу келип чыккан. Мисалы, сууда эркин сүзүп жүрүүдөн бир нерсеге жабы­шып жашоого, суудан кургакка же абага ж. б. өтүүдөгү өзгөрүүлөр. М. менен өөрчүүчү жаныбар­лардын тиричилик циклинде жетилген жандык­тан кескин айырмаланган эч болбогондо бир личинка стадиясы болот. М. мүнөздүү жаныбар­лар онтогенездин тигил же бул стадиясында түрдүү функция аткарып, түрдүн сакталышы­на жана өркүндөшүнө түрткү берет.

Баканын метаморфоз­дук өөрчүшү: а - жу­мурткасы; б - көнөк баштары; в жетил­ген бака.
Picutre 2789

Көпөлөктүн өөрчүү цикли: а) жумуртка­сы; б) эжеке бээ­сасы; в) куурчакча; г) жетилген көпөлөк (имаго).

Жөнөкөй омурткасыздарда (былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр ж. б.) сууда эркйн сүзүп жүрүүчү личин­калары түрдүн таралышын камсыздайт. Мын­дай М. жыныстык же жыныссыз көбөйүүчү муун алмашуу менен татаалданат. Муун алмашуусуз М-до жумурткадан личинка чыгып, түрдүн та­ралуусун камсыз кылат. Деңиз жаныбарлары mysсуз сууга жана кургакка жашоого өткөндө өөр­чүүнүн личинка стадиясын жоготкон. Курт-ку­мурскалардын канатынын өөрчүшү алардын он­тогенезинин өзгөрүшүнө алып келген. Эгер түйүлдүктөн кийинки алгачкы стадиясы жетил­ген формасына (имаго) окшош болсо, жуму.рт­кадан жетилген курт-кумурскага окшош личин­ка (нимфа) өөрчүп, андан аркы өөрчүшүндө акы­рындап канаты чыгат. Бул толук эмес айлануу же гемиметаболия деп аталып, ийнелик, тара­кан, термит ж. б. жаныбарларга мүнөздүү. Эгер онтогенезде негизги функциялар кескин өзгөрүл­сө, толук айлануу же голометаболия делет. Бул