МЕТАЛЛОГЕНИЯЛЫК ДООРЛОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТАЛЛОГЕНИЯЛЫК ДООРЛОР - жер кыртышынын геол. өнүгүү этаптарында пайда болгон кен байлыктардын таралуу мезгилдери. А рх е й металлогениялык доорунда өтө метаморфизмделген темирлүү кварциттер, карапалык пегматит кендери пайда болгон. П р о т е р оз о й металлогениялык доорунда жеспилиттер (метаморфизмделген темир кенташтары), курамында уран, алтын кездешкен конгломераттар, жездүү кумдуктар, хром, титан, жез, никель кендери кеңири тараган. Р и ф е й металлогениялык доорунда темир менен сланецтердин метаморфоген кендери, жез-никель кенташынан турган сульфиддердин магмалык кендери орун алган. К а л е д о н металлогениялык доорунда темир, титан, хром, платинанын магмалык кендери келип чыккан. Алтындын гидротермдүү кендери кездешкен. Г е р ц и н металлогениялык доору башкалардан кен байлыктардын ар түрдүүлүгү менен айырмаланат. Темир менен жездин скарндары, вольфрам, литий, бериллйй, калайдын пегматиттери менен грейзендери, жез, коргошун, молибдендин гидротермдүү кендери, темир, титан, хромдун магмадан пайда болгон кендери учурайт. А л ь п металлогениялык доорунда полиметаллдар, кымбат баалуу түстүү металлдар сыяктуу вулкандык-гидротермдик кендер пайда болгон.