МЕТАЛЛ КЕСКИЧ АСПАП: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТАЛЛ КЕСКИЧ АСПАП - тетик жасоо үчүн сом металлды кырып-жонуп, формасын жана өлчөмүн өзгөртүүчү өндүрүш куралы. М. к. а. станоктук жана кол менен иштетилме болуп бөлү­нөт. М. к. а. кескичи, ченегичи бар жумушчу жана бекиткич бөлүктөрдөн турат. М. к. а-тын кесүүчү бөлүгү материалга матырылып, кесет (таарынды). Ал бир же көп мизден, таарынды алып кетме сайчадан, таарындыны сындыргыч­тан жана бириктиргичтерден ж. б. бөлүктөрдөн турат. Ченемдегич бөлүк кесүүчү бөлүктү кур­чутканда аны толуктайт, иштетилип жаткан­да багыттайт. Бекитүүчү бөлүк М. к. а-ты ста­нокто белгилүү абалда бекитүүгө же аны кол менен кармап иштетүү үчүн керек. Технол. милде-

Металл кескич аспаптар.

ти боюнча станок менен иштетилүүчү М. к. а-тар төмөнкүдөй айырмаланат: кескич, фреза, чой­гуч (протяжка), көзөнөк иштетүүчү аспап (бур­гу, зенкер ж. б.), тиш чыгаргыч аспап, сай чы­гаргыч аспаптар (белгилегич щёлочь, плашка) жана абразивдүү аспаптар. Кол менен иштетилме М. к. а-тарга кескич, араа, өгөө ж. б. кирет.