МЕСОПОТАМИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕСОПОТАМИЯ (грекче мезоз - ортосу, аралыгы, potamos - дарыя), Эки суу арасыБатыш Азиядагы аймак, Тигр, Евфрат д-нын алабында. Месопотамия ойдуңу менен Жезире платосун камтыйт. М. Байыркы Чыгыш маданиятынын өөрчүгөн жери болгон. Ал жерде биздин заманга чейинки 4- 3-миң жылдыкта алгачкы таптык мамлекет орногон; 3-миң жылдыктын аягында Аккад, Ур ж. б. байыркы мамлекеттер өкүм сүргөн; 2-мин жылдыктын башында М-нын түштүк бөлүгүндө Вавилония пайда болгон. Биздин заманга чейинки 9-к-дан биздин замандын 16-к-на чейин М-га бир катар мамлекет ээлик кылып келген. 17-к-дан 1918-жылы чейин Осмон империясынын курамында турган. Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин М-нын басымдуу бөлүгү Ирактын, калганы Сирия менен Түркиянын курамына кирген.