МЕНЕЖМЕНТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕНЕЖМЕНТ (англ. management) - рынок мамилелеринин шартында ишкананы башкаруу формасынын, принциптеринин жана ыкмаларынын жыйындысы. М-тин негизги максаты - өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатып, пайданы көбөйтүү. М-тик башкаруунун негизги концепциясы: өндүрүшкө стратегиялык пландоого ылайык мамиле жасоо, дайыма программалык багытта башкара билүү. М-тин негизги милдеттери: 1) чечим кабыл алуу; 2) кабыл алынган чечимди ишке ашыруу. Мында айрыкча күтүлбөгөн жагдайда чыгармачылык менен кабыл алынган чечимдер кыйла маанилүү. М-тин негизги иш-чаралары: 1) өндүрүштөгү башкы багытты жана максатты аныктоо; 2) сунушталган максатты ишке ашыруунун ыкмалары менен методдорун өндүрүшкө киргизүү; 3) жетекчилик тарабынан белгиленген чечимдерди кыйшаюусуз аткаруу; 4) кызматкерлерди даярдоо жана жагдайга ылайык мезгил-мезгили менен даярдыктан өткөрүп туруу; 5) ишке ашырылып жаткан чечимдерди дайыма контролго алуу; 6) башкаруунун ыкмаларын улам жаңылап өзгөртүү. М. - ишкердиктин өтө пайдалуу чөйрөсү. М-ти эң алгач Д. Рокфеллер өзүнүн «Стандарт Ойл» компаниясына кийирип, айгышкан конкуренциялык күрөштө авторитардык башкаруудан баш тартып, маркетинг боюнча адистердин кенеши менен финансылык кыйынчылыктан чыккан; башкаруу чечимдери М-тин катышуусуз кабыл алынган эмес.