МЕНДЕЛЕВИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕНДЕЛЕВИЙ (латынча Mendelevium), МФ - эле­менттердин мезгилдик системасынын 7-мезги­линин III тобундагы химиялык элемент; актиноид­дерге кирет, катар номери 101, атомдук массасы 258,0986; Д. И. Менделеевдин урматына аталган. 1955-жылы америкалык илимпоздор А. Гиорсо, Б. Хорви, Г. Чоп­пин, С. Томпсон жана Г. Сиборг М-дин атомдо­рун синтездеп алышкан. Туруктуу изотобу жок. 1967-жылы туруктуураак изотобу 2э8М<1 ачылган. (жарым ажыроо мезгили Т1/2=56 еутка). Көбү­рөөк туруктуу окистенүү 'даражасы +3. М-дин бардык касиеттерин изилдөө өтө аз саңцагы 258М<1 менен жүргүзүлгөн. Башка актиноиддерден айыр­маланып, М(13+ цинктин, натрийдин амальга­маларынын, ошондой эле Сг2+, Еи2+, У2+ жана ҮЬ2+ ион­дорунун таасири менен М<12+гө өтөт, М<12+ болсо, Ва8О4 менен белгилүү даражада кошо чөгөт. М. азырынча эч жерде колдонулбайт жана химиялык ко­шулмалары жок.