МЕНАНДР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕНАНДР Протиктор (т., өлгөн жылы белгисиз) — 6- к-дын 2-жарымындагы византиялык тарыхчы, дипломат. Император Маврикийдин тушу же 558-582-ж-дагы окуялар сүрөттөлгөн «Тарых» деген эмгектин автору. Бул эмгек негизинен кандайдыр бир деңгээлде Агафийдин «Юстиниандын падышачылыгы жөнүндө» деген китебинин уландысы болуп саналат. Мамлекеттик кызматта иштегендиктен, М. өз эмгегин жазууда дипломатиялык маалымат, византиялык элчилердин билдирүүлөрүн, уккандарын жана өз көзү менен көргөндөрдү пайдаланган. Ал эмгекте түрктөр жазуу колдонгону жөнүндө биринчи жолу эскерилет. Мындан тышкары Византия императору Юстин Пнин түрк элчиси Маниахты кабыл алышы тууралуу кенен мааЛыматтар берилген. Түрк-Византия саясий мамилелери аркылуу М. түрктөрдүн эфталиттер жана ирандыктар менен болгон байланышы, алардын үрп-адаттары жөнүндө да баалуу маалыматтар берген.
Чыг.: Менандр Протектор [Выдержки]/Пер. и комм. И. А. Левинской, С. Р. Тохтасьева//Свод древнейших письменных известий о славянах. Т. 1. М., 1994. Т. I.