МЕЛҮҮН КЛИМАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЛҮҮН КЛЙМАТ - мелуун алкактарга мүнөз­дүү климат. Жыл бою батыштан чыгышты ка­рай соккон аба агымы үстөмдүк кылат. Ургаал­дуу циклондук кыймыл менен айкалышып, океан­дан материктерге нымдын келишине жана кең­диктер арасындагы жылуулуктун алмашуусу­на шарт түзөт. М. к. үчүн уюлдук абанын басым­дуу болушу, абанын температурасы кескин айырма­ланган жыл мезгилдеринин алмашышы мүнөз­дүү; жайы мелүүн жылуу, эң жылуу айынын орт. температурасы 10-25°С. Кышы мелүүн суук же суук, эң суук айынын орт. температурасы дээрлик бардык жеринде 0°Сден төмөн. Евразиянын ички аймактарында январда айрым жерлеринде - 40°Сден төмөн болот. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү кургактыктын басымдуу бөлүгүндө 500- 800 мм, материктик чет-жакаларында 1000- 2000 жлгге чейин көбөйөт, ал эми континенттер­дин ички бөлүктөрүндө жана субтропиктерге жакындаган сайын 100-200 лгжге чейин азаят.

М. к. континенттик жана океандык (чыгыш жээги муссондук) климаттарга бөлүнөт. Тоолорго климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү, анда тоону өрдөгөн сайын нымдуулук артып, абанын температурасы төмөндөйт; тоо ара­лык ойдуңдарда температуранын инверсиясы бай­калат. Кыргызстандын түндүк бөлүгү М. комитетык алкак­та жайгашкан.