«МЕГАКОМ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
«МЕГАКОМ» («Альфа Телеком» ЖАК) - Кыргызстандагы уюлдук ири компания. 2006-жылы уюшулган. «М-дун» өлкө боюнча 2,5 млндон ашык кардары жана көптөгөн байланыш түйүндөрү бар (2013). Өлкөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунда байланышты уюштурат. «М.» эл аралык менежмент системасынын 1СО 9001:2008 версиясынын сертификациясын өткөн. «М.» кардарларды тейлөөнүн жогорку деңгээлин, кызматтардын кеңири жолун, туруктуу байланышты, ачык жана ыңгайлуу тарифтештирүүнү уюштурат. Уюлдук
аппараттар аркылуу кардарларына учурдагы ар түрдүү технол. жаңылыктарды (смс, интернет ж. б.) тартуулайт. Кардарларды жеке (бирдик жүктөө аркылуу) жана корпорациялык түрдө тейлейт. Компания түйүндөрдү кеңейтүү, оптималдаштыруу, техникалык базасын жаңылоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Ал 1181 базалык станцияга, 7000ден ашык соода кылуу пунктуна, брендделген 3 Мега-экспресс жана ири 17 тейлөө борборуна ээ. «М.» өзүнүн түздөн-түз ишмердиги менен катар муктаж болгондорго демөөрчү болуп, кайрымдуулук акцияларын да үзгүлтүксүз өткөрүп турат.