МАТИЕВ Ажымат: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАТИЕВ Ажымат (1905, азыркы Жалал-Абад обл., Сузак району, Алмалуу-Булак кыш. - 26. 8. 1991, ошол эле жер) - Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1930-жылы колхозго биринчилерден болуп кирип, катардагы колхозчу болуп
иштеген. 1934-37-ж. ферма башчысы, 1937-жылдан 1940-жылга чейин Сузак районундагы Алмалуу-Булак колхозунун башкармасы. Колхоздун жылкы товар фермасынын башчысы (1940-1946). 1952-60-ж. Алмалуу-Булак айыл советинин төрагасы, 1960-67-ж.
колхоздо жылкы фермасынын башчысы болуп

иштеген. Ал башкарган колхоздун экономикасы жогорулап, малдын саны көбөйгөн. 1947-жылы уй көбөйтүү планы 120%, кой, эчкиники - 108,9%, жылкыныкы - 108,2% сүт тапшыруу 113%, жүн - 110%ке аткарылган. Ошол эле жылы колхоздо 50 бээден 50 кулун алынып, аман асыралган. Эки Ленин ордени менен сыйланган. Сузак р-нунун борборунда бюсту орнотулган.