МАТЕРИАЛДЫ СЫНОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАТЕРИАЛДЫ СЫНОО - материалдын технол. жана пайдалануу касиеттерин машина жана при­бордун жардамы менен аныктоо. М. с. ар кандай максаттар үчүн - сырьёлордун касиетин анык­тоо, даяр продукцияларды текшерүү, илимий из. иштери ж. б. үчүн пайдаланылат. М. с-до мате­риалдын касиетин изилдөөнүн механикалык жана физ,- химиялык методдору колдонулат. Кенири мааниде М. с. төмөндөгүдөй түрлөрү бар: механикалыксыноо­чоюу, кысуу, согуу, ийүү, толгоо ж. б.; ф и з. с ы н о о - электр жана жылуулук өткөрүм­дүүлүгүн, магниттик ж. б. касиеттерин анык­тоо; химиялык сыноо - химиялык таасирге чыдамдуу­лугун аныктоо; структуралык (металл­га карата металлографиялык деп аталат) с ы­н о о д о макроструктурасын (көзгө көрүнгөн түзүлүшүн), микроструктурасын (микроскоп менен көрүнгөн), кристалл структурасын (рентген нуру менен аныкталуучу) аныктоо.