МИХАЛКОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИХАЛКОВ Сергей Владимирович [28. 2 (13. 3). 1913, Москва - 27. 8. 2009, ошол эле жер] - орус жазуучусу, коомдук ишмер, СССР ПИАнын академиги (1971), РСФСРдин искусствого эмг. сиң ишмери (1967), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1973). СССР мамлекеттик сыйл. (1941, 1942, 1950), Лениндик сыйл. (1970) лауреаты. М. Горький атындагы адабият институтунда окуган (1935-37). Чыгармалары 1928-жылдан жарыялана баштаган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде аскер кабарчысы болуп, элди Мекенди коргоого үндөгөн түркүн жанрда чыгармаларды жазган. Балдар театры үчүн «Том Кэнти» (1939), «Бөтөнчө тапшырма» (1945), «Кы-

зылжагоо» (1946), «Мактанчааккоён» (1951), «Сомбреро» (1957), чоңдор үчүн «Илья Головин» (1950), «Мергенчи» (1956), «Жапайылар» (1958) ж. б. пьесаларын жазган. «Тоотпостордун тою» (1971) жомок-повести, педагогикалык темадагы «Баары балалык кезден башталат» (1968) макалалар жыйнагы жана бир топ ыр жыйнактары бар. Котормочу катары да белгилүү. Үч Ленин, Октябрь Революциясы, башка үч орден жана медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Собр. соч. М., 1981-1983. Т. 1-6.
Ад.: Александров В. Т. С. Михалков: Биография творчества. М., 1988; С. В. Михалков: Биобиблиографический указатель. М., 1976.