МИХАЙЛЁНКО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИХАЙЛЁНКО Евгений Ефимович — (15. 8. 1921, Каракол ш. - 18. 6. 1944, Украина, Львов обл., Сокаль ш.) - Советтер Союзунун Баатыры (1944). Чкалов

ш-ндагы аскердик авиация мектебин (1942) бүткөн. 1941-жылдан Советтик Армияда. 1942-жылы июл­дан согушка катышкан. 92- гвардиялык штурмалоочу авиация полкунун эскадри­льясынын (1-Украин фрон­тунун 2-аба армиясынын 5- штурмалоочу авиациялык корпу­сунун 4-гвардиялык штур­малоочу авиациялык дивизиясы) командири. Великие Луки, Белгород үчүн салгылаштар­да, Белая Церковь, Винница, Тернополь, Ста­нислав, Галич, Ходоровду бошотууда эрдик көрсөткөн. 108 согуштук учуш жасап, душман­дын көптөгөн техникасын, аскерлерин, транс­порт түйүндөрүн, ок-дары сакталган кампала­рын талкалаган. Ленин, Кызыл Жылдыз, Кы­зыл Туу ордендери менен сыйланган.