МИРШАКАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИРШАКАР [чын аты-жөнү - Мирсаид Миршакаров; 23. 4(6. 5). 1912, азыркы Тажикстан Респ., Шугнан району, Синдев кыш. - 1992, Дүйшөмбү] - тажик акыны, коомдук ишмер, Тажик ССР эл акыны (1962). Ырлары 1930- жылдан жарыялана баштаган. Тунгуч поэмасы - «Жеңиш туусу» (1934). «Алтын кыштак» (1942), «Багынбас Панж» (1949; экөө тең СССР мамлекеттик сыйл., 1950), «Ленин Памирде», «Бакыт ачкычы», «Тоо кызы», «Лениндин көз карашы» (1964) поэмалары менен «Вакыт» (1952), «Тажикстан жазы» (1958) ыр жыйнактары - тажик совет поэзиясынын мыкты үлгүлөрүнөн. М.
драматург катары да белгилүу («Ташбек менен Гүлкубран», «Мугалимдин сүйүүсү», «Чек арадан алыста», 1963). М. - тажик балдар адабиятына негиз салгандардын бири. Эки Ленин ордени, башка 3 орден жана медалдар менен сыйланган.
Чыг.: Любовь и долг. Поэмы. М., 1964; Половодья жизни, М., 1972; Алтын кыштак//«Советтик Кыргызстан», 1953, № 4.
Ад.: Кедрина 3. Мирсаид Миршакар, М., 1954; Мирзозода X. Мирсаид Миршакар, Душанбе, 1962.