МИҢЖЫЛКЫЕВ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИҢЖЫЛКЫЕВ Болот Абдуллаевич (23. 3. 1940, Фрунзе - 16. 8. 1997, Санкт-Петербург, сөөгү Бишкекке коюлган) - опера ырчысы (бас), Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйл. (1976), Кыргыз ССР Токтогул атындагы мамлекеттик сыйл. (1976), СССР мамлекеттик сыйл. (1985) лауреаты, СССР эл арт. (1977). 1961-жылы Кыргыз опера жана балет театрынын студиясында окуган. 1966-жылы Ташкент мамлекеттик консерваториясын бүтүргөндөн Кыргыз опера жана балет театрынын солисти, ошол эле мезгилде 1971-жылдан Б. Бей-

шеналиева атындагы искусство институтунда окутуучу болуп иштеген. Тубаса кооз тембрлүү, диапазону кенен үндүү М. консерваторияда окуп жүргөндө эле Орто Азия жана Казакстан музыкант-аткаруучуларынын биринчи конкурсунун лауреаты болгон. Ал 1968-71-ж. Миландын Ла Скала театрында стажировкадан өтүп, ырдоо чеберчилигин өркүндөткөн. 1992-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Санкт-Петербургдагы Мария опера жана балет театрында иштеген. 20-к-дын 2- жарымындагы дүйнөлүк эң мыкты опера ырчылардын бири. Көрүнүктүү партиялары: Коңурбай (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Ма-
нас», 1966), Тегирменчи (А. Даргомыжский, «Суу периси», 1966), Мефистофель (Ш. Гуно, «Фауст», 1967), Комиссар (К. Молчанов, «Велгисиз солдат», 1967), Борис Годунов (М. Мусоргский, «Борис Годунов», 1972), Нилакант (К. Делиб, «Лакме», 1972), Пётр (А. Петров, «Пётр I», 1977) ж. б. 1973-жылы Софияда өткөн Вокалисттердин эл аралык конкурсунда алтын медалга жана лауреат деген наамга, Тулузада (Франция) өткөн вокалисттердин конкурсунда Гран-приге (1970) татыктуу болгон. СССРдин Чоң театрында, Ленинграддын академиялык опера жана балет театрында,
Ла Скаланын, «Метрополитен операнын» (НьюЙорк) сахнасында, Саволинадагы (Франция) Опера фестивалында ырдаган, ошондой эле жекече концерттер менен радио жана телекөрсөтүугө чыгып, жаштардын бүткүл дүйнөлүк форумдарында, фестивалдарда ырдоо менен таланттуу ырчынын ысмы дүйнөгө таанылган. Ал АКШ, Италия, Франция, Болгария, Полыпа, ГДР ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болгон. Санкт-Петербургдагы Мария жана Кыргыз опера жана балет театрларында музейи ачылган. Бишкектин бир көчөсүнө ысмы берилген. СССР Жогорку Советине жана Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат (1979-84) болгон. Медалдар менен сыйланган.

