МИНУСА ӨРӨӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МИНУСА ӨРӨӨНҮ, Хакас-Минуса ой­Д У Н У ~ Түштүк Сибирь тоолорунун арасындагы ойдуң, Краснояр крайынын түштүгүндө. Түштүгүнөн Батыш Саян, батышынан Абакан кырка тоолору, түндүгүнөн Кузнецк Ала-Тоосу­нун тармактары, чыгышынан Чыгыш Саяндын тармактары менен чектешет. Жери дөңсөөлүү түздүк, өрөөндөр көп. Бийиктиги 200-300 ладен 700 мте чейин. Рельефине айрым тоо массивде­ри жана куэста жалчалары бар түздүктөр мүнөз­дүү. Таш көмүр (Минуса көмүр бассейни) казы­лып алынат. Климаты кескин континенттик, айрым жери кургакчыл. Январдын орт. темп­расы -16°С ден -20,5°Сге чейин, июндуку 18,2- 19,6°С. Кышында абанын температурасы кээде - 52°Сге чейин төмөндөп, жайында 45°Сге чейин ысыйт. Вегетация мезгили 150-160 сутка чама­сында. Жылдык жаан-чачыны 240-500 мм. Ири дарыялары - Енисей жана анын куймалары: Аба­кан, Оя, Туба. Көлдөр (Тагар, Туздуу ж. б.) көп. Туландуу талаа, токойлуу талаа ландшафты ээлейт. Айрдд жерлер токой массивдери (бай­терек, долоно аралаш кайың токою басымдуу) менен алмашат. М. ө. - Түштүк Сибирь тоолорунда­гы маанилүү а. ч-луу аймак. Өрөөндө Мину­синск, Абакан ш. жайгашкан.