МИГРАЦИЯ (демография): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МИГРАЦИЯ (латынча migrans - көчүп жүрүү) - 1) көчүү, жер оошуу; 2) к а л к т ы н М-сы - жер которуштурууга байланыштуу элдин бир жерден башка жерге көчүшү; жашаган жерин мезгилдүү, узак убакка же биротоло өзгөртүшү. Калктын М-сы сырткы жана ички болуп бөлүнөт. Сырткы М. - калктын эмиграциясы менен иммиграциясы, ички М. кыштактан шаарга жер которушу, ошондой эле бир жерден 2-жергекөчүүсү. Кээде М-га маятник М-сы деп аталган М. да кирет (жашаган жеринен башка жерге дайыма жумушка же окууга барып келүүсү). М. кийинки учурда Кыргызстанда да тездик менен өсүүдө. Эмгек мигранттары КМШ өлкөлөрүнө, өзгөчө Россияга, Казакстанга жана чет жактарга кетүүдө. 2011-жылы эле Кыргызстандын аймагынан болжол менен 45,7 миң адам башка жактарга кеткен. Өлкө ичиндги М-да күч алууда.