МЕЩАНДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЩАНДАР (полякча mieszczanie - шаардык адамдар) - Октябрь революциясына чейин Россияда шаардык калктын түрдүү топторун (кол өнөрчү, майда соодагер ж. б.) камтыган катмар; өтмө мааниде М. - өзүмчүл, дүнүйөкор, саясатка кай­дыгер адамдар. 14-17-к-да Литва жана Полыпа­нын курамына кирген түштүк жана батыш орус об­лустарынын шаардык адамдары, 17-к-дан смо­ленскилик шаардыктар М. деп аталган. М. өзүн­өзү башкаруу боюнча айрым укуктарга ээ болуп, жамааттарга биригишкен. Аларды 1863-жылга чейин мыйзам боюнча сабап жазалоого да мүмкүн болгон. 1775-жылдан капиталы 500 сомдон кем эмес шаар калкы М-га кирген. Алар жан салы­гын төлөп, аскерге алынган. М-дын статусу мурастан мураска өтүп турган. Байып кеткен М. көпөстөргө, ал эми жакырланган көпөстөр М-га айланган. Помегциктерден башын азат кылган дыйкандар да М. деп аталган. Россияда 1811-жылы 950 миң (шаар калкынын 35,1%и), 1897-жылы 9,9 миллион (44,3%и) мещан болгон. 19- к-дын 60-70-жылдарындагы реформалардан кийин М-дын көбү шаардык майда буржуазия­га айланган.