МЕШХЕД: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕШХЕД - Ирандын түндүк-чыгышындагы шаар. Хорасан останынын администрациялык борбору. Кешефруд д-нын өрөөнүндө жайгашкан. Калкы 2,1 миллион (2006). Жол тоому. Т. ж. станциясы. Тамак-аш (кант, тамеки ж. б.), текстиль, булгаары жана металл иштетүү ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (килем токуу, асыл таштарды иштетүү) өнүккөн. Алгач 10-к-дан эскерилет. Мусулман шейиттердин ыйык шаары. Университет бар. 12-19-к-дын архитектуралык ансамблдери,
мечит (Гаухаршад, 15-кылым), имам Резанын күмбөзү жана М-ге жакын жерде фарси жана тажик акыны Фирдоусинин мүрзөсү сакталган.
