МЕТОНИМИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТОНИМИЯ (грекче metonymia - ат алмаштыруу) - поэтикалык жана карапайым сөздө (речте) колдонулуучу троптордун бир түрү, реалдуу түшүнүктүн же байланыштын негизинде бир сөздүн башка бир сөз менен өзгөрүп айтылышы. Көркөм чыгармадагы сүрөттөлгөн окуянын, түшүнүктүн аты башка бир предметтин, түшүнүктүн аты менен аталып, ал түшүнүк же өзү өтмө мааниге ээ болот. Мисалы, Уктап жаткан кыштакка/Балкытып күн нур чачат (Ж. Турусбеков, «Кыштакта»). Мында акын «уктап жаткан эл» дегендин ордуна «кыштак» деген сөздү колдонгон. М-нын төмөнкүдөй учурларын белгилөөгө болот: 1) нерсенин же кишинин аты башка нерсе же буюмдун ордуна колдонулат [(мисалы, Бөтөлкөнү көрүп,/ Шилекейин жуткан. (М. Алыбаев)]; 2) автордун наамы менен чыгармасы туюнтулат (мисалы, Жазуу келёчегим жөнүндө көп ойлойм. Лермонтовду окуп-окуп таң калам. (А. Осмонов)]; 3) нерсе ал жасалган материал менен алмашылат [(мисалы, Куткарып ушул чоюн жалдыроодон,/Айтпагын, акын иним, чыкты черим... (Ж. Турусбеков)]; 4) бир нерсенин аракети жана анын натыйжасы ушул аракетти ишке ашыруучу нерсенин атына көчүрүлөт [(мисалы, Неге сен ыраак кеткен сапарыңан/Ээриң жок жайдакталып кайра келдиң?/ Неге сен ыраак кеткен сапарыңан/Эскиртип канатыңды кайра келдиң? (А. Осмонов)]; 5) белгилүү бир жердеги кишилердин ордуна ал жашаган жер аталат [(мисалы, Карагандан айбыгам,/ Каттын сүрү бир башка. /Келген экен айлынан, /Курман болгон курдашка. (С. Эралиев)].