МЕТАНЕФРИДИЯЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕТАНЕФРИДИЯЛАР (мета... жанагр. nephros - бөйрөк) - омурткасыз жаныбарлардын, көбүнчө муунак курттардын бөлүп чыгаруучу жуп органдары. М,- бир учу (түктүү куйгуч же нефростом) алдынкы сегменттеги дененин экинчилик көңдөйүнө (целомго), экинчи учу (бөлүп чыгаруу тешикчеси түрүндө) сыртка ачылуучу түтүк сымал каналдар. Нефридия каналы (түтугү) узун жана илмек түрүндө ийри-буйру болушу мүмкүн. Нефростом аркылуу М. жылчыгына целом суюктугу - алгачкы сийдик М. түкчөлөрүнүн жардамы менен түшөт. Түтүктө органикалык заттардын жана mysдардын сийдиктен реабсорбцияланышы (сиңирилиши) жүрөт. Натыйжада табарсыкта жыйналган гипоосмостук сийдик пайда болот.