МЕТАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

учурда курт сымал личинка жетилген курт-ку­мурскага окшобойт. Ал жетилген формасына куурчакча стадиясынан кийин өтөт. Омурт­калуулардан М. миногаларда даана байкалат. Алардын личинкасы ылайда жашаса, жетил­гендери балыктын жарым-жартылай митеси; жерде-сууда жашоочулардын жумурткасынан личинка - көнөк баш чыгып, М-дун натыйжа­сында личинка органдары жоголуп, жетилген жаныбардын органдары пайда болот. М-ду гор­мондор жөнгө салып турат. 2) Өсүмдүктө­өсүмдүктүн негизги органдарынын онтогенезде аткарган кызматы же кызмат аткаруу шарты өзгөргөн учурда түрүн өзгөртүшү. Чөп өсүмдүктө жагымсыз мезгилде жер үстүндөгү өркүнү өлүп, тамыр-сабак, пияз-түп ж. б-га өтөт. Алар азык заттарды сактайт. Көпчүлүк учурда М-го жетил­ген органдар эмес, алардын бүчүрлөрү дуушар­ланат. Мисалы, өркүндүн айрым бөлүгүнүн жана жалбырагынын тикенге, мурутчага айлануусу. Өсүмдүктүн өөрчүшүүндөгү жашоо шартынын өзгөрүшү тигил же бул органдын функциясы­нын өзгөрүшүнө, ал өз учурунда органдын жаңы функцияны аткарууга ыңгайланышына алып келет. Аны кургакчыл жерде өскөн өсүмдүктөр­дүн сабагы менен жалбырагынан байкоого болот. Мисалы, кактустун сабагы фотосинтездөөчү орган­га айланып, бууланууну азайтуу үчүн жалбы­рагы тикен болуп өзгөргөн. Сабагы суу топтоо функциясын аткарып, жоон жана жашыл түстө. Бадыраң, жүзүм, коондун муруттары - түрүн өзгөрткөн жалбырак. Нымдуу жана жарык же­тишсиз жерде өскөн лианалардын жер үстүндөгү өркүну мурутчага (жармашкыч орган) айланган. МЕТАН, саз газ ы, СН4 - каныккан углево­дороддордун биринчи мүчөсү; түссүз, жытсыз газ, кайноо I 164,5°С; эрүү I 182,5°С; түссүз жалын чыгарып күйөт, күйүү жылуулугу 11 954 ккал!кг. М. - табигый, нефтидеги кошумча газдын жана руда газдарынын негизги компоненти. Ал аба аз шартта органикалык заттардын чиришинен тынымсыз пайда болот. Ө. ж-да нефтини жана нефть про­дуктуларын термиялык иштетүүдөн, таш кө­мүрдү кокстоодо жана суутек кошуу менен алынат. Аба менен жарылгыч аралашма пайда кылат. Ал ө. ж-да жана турмуш тиричиликте отун, сырьё катары кеңири керектелет. Андан метилхлорид, метиленхлорид, хлороформ, формальдегид, кү­күрттүү көмүртек ж. б. алынат. Ошондой эле аммиак­ты алууда суутектин булагы катары, спирт, альдегид, углеводороддорду синтездөөдө керек­телүүчү суу газын жана ацетиленди алууда кол­донулат.