МЕТАЛЛ КЕСКИЧ СТАНОК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕТАЛЛ КЕСКИЧ СТАНОК - металл кескич аспап менен металл же металл эмес материалдар­ды, чала фабрикаттарды, сом металлды таарып, тетик даярдоочу машина. Ал технологиясы жана колдонулушуна жараша токардык, тешкич, көзөнөктү чоңойткуч, жылмалагыч, айкалыш­тырылган тиш чыгаргыч, сай чыгаргыч (фреза­лык), сүргүч, ойгуч, кескич М. к. с-тор болуп бөлүнөт. Түрдүү операцияларды аткаруучу

КМХ8У7/Х67 токардык станогу. Россия.

универсал станок; чектелген операция аткаруучу станок; формасы окшош, бирок өлчөмү ар түрдүү тетиктерди иштетүүчү бир тип­теги, өлчөмү бирдей тетиктерди иштетүүчү ата­йын станок болуп айырмаланат. Станокторду автоматташтыруу даражасы боюнча автоматтык катарлар; энергияны, материалдарды жана инфор­мацияны колдонуу, берүү, өзгөртүү процесстери толук механикалаштырылган (электрондук, электрдик, пневматикалык, гидравликалык) түзүлүштөр жана механизмдер системасынан тур­ган станок-автоматтар; автоматтык жумушчу цикл менен иштөөчү жарым автоматтар; кол менен башкарылма станоктор да М. к. с-ко кирет.